bg-home

Жаңы-Жылдык куттуктоо...!!!

Жаңы-Жылдык куттуктоо...!!!
Урматтуу мекендештер саналуу убакытта жаңы 2022-жыл босогобузду аттайт. Бардыгыңыздарды жаңы 2022-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эски жылды узатып жатып, өтүп бара жаткан жылга саресеп салсак, 2021-жыл абдан ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпаймын. Оор шарттарда элибиз кыйынчылыктарга бекем туруштук берип, жаңы жылды ынтымакта, салыштырмалуу оң туруктуулукта тосуп алууда, ийгиликтерибиз жок эмес, өсүш бар, келечегибизди түптөөдөбүз. Бардык жарандарыбыз болушунча мекенибиздин өнүгүүсүнө өз салымын кошууда. Ушулардын бардыгын эске алып, келе жаткан жаңы жылыбыздан үмүттөрүбүз чоң. Жакынкы жана эртеңки келечекке зор ишенич менен кадам таштайлы. Жаңы жылда мекендештерибизге чың ден соолук, аман-эсенчилик, токчулук менен молчулук, албан-албан ийгиликтерди өзүмдүн жана жалпы коллективдин атынан каалайм! Каерде болбо, тынч аман болунуздар. Жакындарыбыз менен аман-эсенчиликте, биргеликте, жыргалчылыкта узак өмүр сүрөлү! Жаңы жыл майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер...!!!
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн
башчысы: Мамишов Дагыбек Алимбекович