5-октябрь билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамына карата куттуктоо
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Мамишов Дагыбек Алимбекович 5-октябрь билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамына карата куттуктоосу. "Урматтуу агартуу тармагында эмгектенип жаткан мугалим эжекелер, агайлар! Сиздерди жыл сайын белгиленип келген кесиптик майрамыңыздар менен өзүмдүн жана коллективимдин атынан чын жүрөктөн куттуктайм! Мугалим болуу - бийик кесиптин ээси болуу, ал көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, өзүнүн эмгегин ак ниети менен тартуулагандарга жана сүйгөндөргө сыймык алып келет. Сиздердин кесиптик жолуңуздар ийгиликтүү болсун – сиздердин окуучулар жана алардын ата-энелери, жамаатташтар менен болгон өз ара мамилеңиздерде ырааттуулук, ишиңиздерге өнүгүү жана чыгармачылык мамиле каалайм! Асыл жана талыкпаган эмгегиңиздер үчүн чоң рахмат!" Ошондой эле, келечектин билим уясы болгон мектептерге өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир маселени кылдаттык менен чечилишине, балдарыбыз жакшы илим алыш үчүн, билим сапатын мугалимдер менен биргеликте көтөрүүгө аракет кылууга убада берди жана окуучуларга билим берүүдө, билим сапатын көтөрүүдө жараткан үзүрлүү эмгектери үчүн ардак грамоталар тапшырылды.